
Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында бала бакчанын 14 кызматкери ар 100 миң сомдон чогултуп бала бакча курушту. Маалыматка караганда, “Ак-Жар-Сезими” бакчасынын кошумча имаратын куруу иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган.Курулушка кызматкерлерден жана демөөрчүлөрдөн жалпы жонунан 2,5 миллион сомдон ашык каражат сарпталган. Ал эми райондук өнүктүрүү фондунан эмеректер үчүн 1 миллион сом каралса, Ат-Башы […]
Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында бала бакчанын 14 кызматкери ар 100 миң сомдон чогултуп бала бакча курушту. Маалыматка караганда, “Ак-Жар-Сезими” бакчасынын кошумча имаратын куруу иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган.Курулушка кызматкерлерден жана демөөрчүлөрдөн жалпы жонунан 2,5 миллион сомдон ашык каражат сарпталган.
Ал эми райондук өнүктүрүү фондунан эмеректер үчүн 1 миллион сом каралса, Ат-Башы айыл өкмөтүнөн 600 миң сомдой бөлүнүп берилген.
Айылда 400 дөн ашык бала бар. Буга чейин биринчи корпустагы 5 тайпада 115 бала тарбияланып келген.
Бакчанын жаңы ишке кирген бөлүгүндө дагы 60 бала тарбияланмакчы.



