
Өлкө башчы Садыр Жапаров жаңы ак үйдү Ынтымак- Манас Ордосу деп атаганын социалдык баракчасына жазды: «Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерге бир апта мурун курулушу бүтүп келаткан Президенттик Администрациянын имаратынын атын тандоо боюнча кеңеш сурап кайрылган элем. Талкууга жигердүү катышып, ар түрдүү варианттарды сунуштаганыңыздар үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Сунушталган варианттардын ичинен төмөнкү төрт аталыш көбүрөөк аталыптыр:Ак Ордо, […]
Өлкө башчы Садыр Жапаров жаңы ак үйдү Ынтымак- Манас Ордосу деп атаганын социалдык баракчасына жазды:
«Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерге бир апта мурун курулушу бүтүп келаткан Президенттик Администрациянын имаратынын атын тандоо боюнча кеңеш сурап кайрылган элем.
Талкууга жигердүү катышып, ар түрдүү варианттарды сунуштаганыңыздар үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем.
Сунушталган варианттардын ичинен төмөнкү төрт аталыш көбүрөөк аталыптыр:Ак Ордо, Кут Ордо, Айкөл Ордо жанаЫнтымак Ордо.
Ынтымак Ордосу болсун деген сунуш жеке менин сунушум эле. Көпчүлүктүн сунуштарынан улам, дагы бир атты кошуп, Ынтымак-Манас Ордосу десек ылайык болчудай.
Эмне үчүн Ынтымак?
Кыргызда бир уламыш кеп бар.Кызыр алейхисаламдын эшигин каккылап биринчи Бакыт келет экен. Сен кимсин десе, “Бакытмын” дейт. “Аа, күтө тур деп, эшикке күттүрүп коет. Артынан эле Таалай келет. Аны да күттүрүп коет. Ырыс келет, Кут келет, Байлык келет, Бийлик келет, анан эң акырында Ынтымак келет.“Ии, эми баарыңар чогуу киргиле!, — деп баарын киргизет.
Ошондо беркилер сурайт:“Ээ Кызыр алейхисалам, эмнеге Ынтымак келгиче чейин баарыбызды күттүрүп койдунуз?”.Кызыр алейхиссалам:“Ынтымагыңар болбосо, бирөөңөр да ушул жерде олтурбайт элеңер. Баарыңар бириндеп,бири-бириңди карабай, кирип-чыгып кете берет элеңер. Качан гана ынтымак болгондо баары болот. Араңарда ынтымак болбосо, ишиңер оңолбойт. Бириндеп, өзүңөр кошо жок болуп кетмексиңер”, — деген экен.
Чынында эле ынтымагыбыз бекем болсо,баардык ийгиликтер болот.
Ушул Ынтымак-Манас Ордобузда түбөлүк ынтымак орноп, келечекте дайыма элдин башын бириктирип турган, журт керегине жараган Манастай айкөл, баатыр уулдар чыгып турсун деп, эл сунуштаган Манас атабыздын атын дагы кошуп койсок ашыкча болбос.
Ынтымак-Манас Ордобузда«Жолубуз шыдыр, жолдошубуз Кызыр алейхисалам болсун!»,-деди прездент.
Эл тарабынан көп варианттар сунушталыптыр, алардын бир тобу окшош экен.Негизи жалпысы 108 вариант сунушталыптыр. Төмөндө эл сунуштаган варианттардын тизмеси:
Президенттик администрациянын жаңы имаратынын аталышы боюнча сунушталган варианттардын тизмеси:
Асман ордо
Ариет
Асаба
Аалам конгресс-холл
Ак үй
Ак-Белес
Адилет үйү
Ата Журт ордосу
Акыйкат үйү
Ата ордо
Айкөл Ордо
Ак шумкар
Ажо Ордо
Ак Сарай
Акыл Ордо
Алп-Ордо
Алтын ордо
Арча-Бешик
Борбор
Багыт ордо
Барсбек ордо
Баш ордо
Баш өргөө
Береке ордо
Бетме-бет
Башкаруу Кеңеш Ордосу
Бий өргөө
Баш-Кент
Бишкек сарайы
Дөөлөт
Дөөлөт ордо
Даару Салам
Жаңы ордо
Жаңы турмуш
Жети ордо
Жетиген
Журт ордо
Инсан«Исхак Раззаков» атындагы Президенттик АдминистрациясыКут ордоКаган ордоКаганатКыргыз каганатыКалыс ордоКыргыз СарайКең сарайКеңеш ордоКоломтоКыргыз ордоКут ордоКылым ордоКыргыз ордоКыргыз үйКаганат ОрдоКызмат ОрдоМанас ааламыМамлекеттик Кеңеш ОрдосуМанасМанас-ата ОрдосуМанас ордоМекен ордоМекен үйү63.Мурас ордоМыйзам ордоМыйзам үйүНур КожоНур МанасНур ордоНур сарайОомат ордоОрдо БилгеОрдоОрто-ОрдоОоматӨстөн ордоӨчпөс үмүтӨкмөт үйүӨкүмдар үйүӨнүгүү ОрдоОрдолуу борборӨргөөПикир ордоПрезиденттик Кеңеш ОрдосуТаш РабатТаш ордоТүндүк ордоТүндүкТаза ОрдоУлут ордоУлуу ордоУрмат ордоХан ордоЭл ОрдоЭгеменЭгемен ордоЭл үмүтүЭлдик ОрдоЭл сарайЭлдик Кеңеш ОрдосуЭлдик Бийлик ОрдосуЫйман ОрдоЫнтымак ордоЫнтымак үйүЫйман үйүЧындык ордоЧеч-дөбөШаң сарайШаң ордо



