
Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын көл жээгинде рейддик иш-чараларды жүргүзүп жатып, мыйзамсыз балык уулаган Чүй облусунун 55 жаштагы тургунун кармашты.Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган жаранда балык уулоого уруксат билети жок болуп чыкты. Далил зат катары 118 даана чабак балыгы жана 3 балык уулоочу кайырмактар алынды.Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалыматтырды каттоо электрондук журналына каттадып, […]
Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын көл жээгинде рейддик иш-чараларды жүргүзүп жатып, мыйзамсыз балык уулаган Чүй облусунун 55 жаштагы тургунун кармашты.Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган жаранда балык уулоого уруксат билети жок болуп чыкты. Далил зат катары 118 даана чабак балыгы жана 3 балык уулоочу кайырмактар алынды.Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалыматтырды каттоо электрондук журналына каттадып, юридикалык баа берүү үчүн тийиштүү материалдар райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.Мындан тышкары, рейд учурунда туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан көлдөн браконьердик балык уулоочу торлордон тазалоо иштери да колго алынууда. Браконьердик балык уулоочу торлорго түшүп калган балыктар, кайрадан көлгө койберилип жатат.Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүү боюнча рейддик иш-чаралар уланууда.



