
Социалдык тармактарда жана интернет булактарында Мелис Аспеков өзүнүн күнөөсүз экендиги жана анын кармалып алынган акча каражаттарын кайтарып берүү менен далилденгени тууралуу жалган маалымат таратканына байланыштуу, УКМК төмөндөгүлөргө көңүл буруу зарыл экендигин маалымдайт:«2021-жылдын январь айында УКМК Мелис Аспеков менен Улан Жураевге өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу жана алдамчылык фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон, андан кийин […]
Социалдык тармактарда жана интернет булактарында Мелис Аспеков өзүнүн күнөөсүз экендиги жана анын кармалып алынган акча каражаттарын кайтарып берүү менен далилденгени тууралуу жалган маалымат таратканына байланыштуу, УКМК төмөндөгүлөргө көңүл буруу зарыл экендигин маалымдайт:«2021-жылдын январь айында УКМК Мелис Аспеков менен Улан Жураевге өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу жана алдамчылык фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон, андан кийин кармалган.Тергөөнүн жүрүшүндө, М.Аспеков менен У.Жураев өзүн Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун жакын адамдары катары көрсөтүп, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынан 250 миң АКШ долларын опузалап алышканын, ошол эле учурда мамлекеттик ишкананын ишмердүүлүгүн укук коргоо органдары тарабынан текшерип,жетекчиликке каршы митингдерди уюштура турганын айтып коркутушкан.Тергөөнүн жыйынтыгы менен М.Аспеков менен У.Джураевге карата кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлүп, 2022- жылдын 23-мартындагы өкүм менен ал опузалоо жана алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган, ошол эле учурда жалпы режимдеги колонияда өтөө менен 7 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган.М.Аспековдун бул өкүмүнө жана анын баш коргоо чарасына макулболбогондуктан, өкүм Бишкек шаардык сотуна даттанылган, 2022-жылдын 5-июлундагы соттук коллегиясынын чечими менен Бишкек шаарынын Биринчи Майрайондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылган, бирок эркинен ажыратуу мөөнөтү1 жылга кыскартылып, 6 жылга эркинен ажыратуу менен акыркы жазабелгиленген.М.Аспековго кайтарылган акча боюнча айсак, ал тинтүү учурунда табылыпалынып, буюм далилдери болуп саналбаган жана тергөөнүн предметине тиешесижок болгон жана айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийинколдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык ага кайтарылган.М.Аспеков, опузалоо жана алдамчылык боюнча күнөөлөнүп жанасоттолгон, күнөөсүздүк үчүн ага таандык мүлктү ага карата мыйзамдуу күчүнөкирген айыптоо өкүмүнүн контекстинде талкуулоого болбойт, УКМК акчамдыкайтарды деген фактысын ачыкка чыгарабыз деген үмүт менен коомчулуктуатайылап адаштырып аракет кылууда.Кылмышкер М.Аспековдун фактыларды алмаштыруу менен өзү жөнүндөгүкоомдук пикирди өзгөртүүгө, анын инсанына кандайдыр бир деңгээлде болсо да көңүл бурууга жана жасаган кылмыш ишине ойдон чыгарылган саясий баа берүүгөболгон курулай аракеттери ачык көрүнүп турат»,-деп айтылат маалыматта.



