
Кыргыз Республикасынын чыгармачыл индустриясынын 25 мүчөсү, анын ичинде сценаристтер, кинорежиссерлор жана продюсерлер 14-18-август аралыгында Америкадан келген америкалык сценарист Нора Уинслоу менен телесценарий жазуунун алдыңкы ыкмаларын жана көндүмдөрүн өздөштүрүштү. Уинслоунун иш сапары АКШнын Мамлекеттик департаментинин Борбордук Азия Дизайн Хабы/IREX тарабынан ишке ашырылып жаткан жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Америка тасмаларынын көр
Кыргыз Республикасынын чыгармачыл индустриясынын 25 мүчөсү, анын ичинде сценаристтер, кинорежиссерлор жана продюсерлер 14-18-август аралыгында Америкадан келген америкалык сценарист Нора Уинслоу менен телесценарий жазуунун алдыңкы ыкмаларын жана көндүмдөрүн өздөштүрүштү. Уинслоунун иш сапары АКШнын Мамлекеттик департаментинин Борбордук Азия Дизайн Хабы/IREX тарабынан ишке ашырылып жаткан жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Америка тасмаларынын көргөзмөсү долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.Катышып жаткан кыргызстандык продюсерлер жана сценаристтердин телесериалдар, даректүүтасмалар жана кино тасмалар боюнча чоң тажрыйбасы бар, Борбор Азияда жакшы таанымалжана бир катары эл аралык деңгээлде таанылган.Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Уинслоу айым телесценарий жазуубоюнча мастер-классты жетектеп, карьерасынын башталгыч катышуучулары үчүн потенциалдыжогорулатуу боюнча семинар өткөрдү жана Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту(IWPR) тарабынан уюштурулган #GoNight ачык талкуусуна катышты. Жалпысынан бул иш-чаралар Голливуддун мыкты тажрыйбасын жана Голливуд стилиндеги “жазуучунун бөлмөсү”моделин Кыргызстандын чыгармачыл индустриясынын өкүлдөрү менен бөлүштү.Нора Уинслоу – кино жана теле көрсөтүүдөгү сценарий жазуучусу, ал шоуларда, анын ичиндеMiracle Workers (TBS), Future Man (Hulu) жана Netflix жана Roku долбоорлорунда иштеген. НораSony Animation, TBS жана Columbia Pictures сыяктуу компаниялар үчүн оригиналдуу жанаылайыкташтырылган кино жана телекөрсөтүү сценарийлерин иштеп чыккан. Жакында ал Starzканалында тартуулана турган Minx-тин экинчи сезонунда көзөмөлдөөчү продюсер болупиштеген.
American Film Showcase – бул АКШнын Мамлекеттик департаментинин кино алмашуу долбоору.АКШ элчиликтери менен биргеликте бул долбоор дүйнөлүк аудиторияга кино аркылуу Америкакоому жөнүндө түшүнүк берет жана жергиликтүү режиссерлорду жыл сайын 60тан ашуун өлкөдөөз окуяларын айтып берүүгө үйрөтөт. Америкалык кино көргөзмөсү 2012-жылдан бери ТүштүкКалифорния университетинин кинематографиялык искусство мектеби тарабынан даярдалыпкелет.



