
Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун Бостери айылында каза болгон фактысыбоюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү)менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынынжүрүшүндө, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жайкы туристтик мезгилиндекоомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлери тарабынанкызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Ре
Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун Бостери айылында каза болгон фактысыбоюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү)менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынынжүрүшүндө, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жайкы туристтик мезгилиндекоомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлери тарабынанкызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз РеспубликасынынКылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу)менен кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш иши боюнча Кыргыз РеспубликасынынИИМдин Атайын багыттагы полкунун милиционерлери К.У., Н.У., жана Э.А. кармалып,райондук милициянын УКЖга киргизилген.Райондук соттун чечими менен аларга карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасыкабыл алынды.Тергөө амалдары уланууда.
Маалымат үчүн
6-августта Бостери айылынын аймагында жайгашкан “Алтын-Кум” пансионатынын көл жээгинде Талас облусунун 23 жаштагы тургуну А.Б. өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин ар тараптуу жана объективдүү териштирүү максатында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын көп жылдык эмгек стажы бар жана тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен турган атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн болчу.ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, окуяны, мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алган.
Кийин көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү жарандар аныкталып, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алар, мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Б., Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы Ж.Р. жана А.У., ошондой эле 29-жаштагы Э.А. болуп чыгышты.Аталган жарандар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин (Кармоонун негиздери) негизинде Ысык-Көл РИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилген.
Көлдөгү 23 жаштагы жигиттин өлүмү. Шектүүлөр кармалды



