
Кыргызстандын жогорку окуу жайлары кыздар үчүн өзүн-өзү коргоо курсун ачууну пландоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Аралаш мушташ боюнча федерациясынын президенти Нуралы Айдаров билдирди. Анын айтымында, курсту «Кыргызстандын аялдары жана балдары үчүн өзүн-өзү коргоо курсу» долбоорунун алкагында ачуу пландалууда. «Учурда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди ал. Мындан тышкары, Айдаров […]
Кыргызстандын жогорку окуу жайлары кыздар үчүн өзүн-өзү коргоо курсун ачууну пландоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Аралаш мушташ боюнча федерациясынын президенти Нуралы Айдаров билдирди.

Анын айтымында, курсту «Кыргызстандын аялдары жана балдары үчүн өзүн-өзү коргоо курсу» долбоорунун алкагында ачуу пландалууда.
«Учурда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди ал.
Мындан тышкары, Айдаров долбоордун алкагында чет элдик машыктыруучуларды тартуу пландалып жатканын белгиледи.



