
Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тартип бузгандар менен күрөшүү иштерин улантууда. Таштанды аянтчаларынын болгонуна карабастан шаардыктар таштандыларды көчөгө ташташууда. 2023-жылдын 13-июль күнү таңкы саат 07:00дөн баштап шаардын көрктөндүрүүнү жана таштандыларды белгиленбеген жайга таштоо жана башка эрежелерди сактабоо фактылары боюнча пландуу рейд жүргүзүлүп, муниципалдык инспекция тарабынан 92 миң сомго 7 протокол түзүлдү. Эреже […]
Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тартип бузгандар менен күрөшүү иштерин улантууда.

Таштанды аянтчаларынын болгонуна карабастан шаардыктар таштандыларды көчөгө ташташууда.

2023-жылдын 13-июль күнү таңкы саат 07:00дөн баштап шаардын көрктөндүрүүнү жана таштандыларды белгиленбеген жайга таштоо жана башка эрежелерди сактабоо фактылары боюнча пландуу рейд жүргүзүлүп, муниципалдык инспекция тарабынан 92 миң сомго 7 протокол түзүлдү.

Эреже бузуучулардын тизмеси:
— «Бимед Фарм» ЖЧКсына таштандыларды белгиленбеген жерге чыгаргандыгы үчүн 17 000 сом айып пул салынды;— «Аманбанк» ААКына таштандыларды белгисиз жерге чыгаргандыгы үчүн 17 000 сом айып;— «Милан Групп компаниялары» ЖЧКсы таштандыларды белгисиз жерге чыгаргандыгы үчүн 17 000 сом;— «Гемени плюс» ЖЧКсы чектеш аймактын тазалыгын жана тартибин сактабаганы үчүн 13 000 сом өлчөмүндө;— Белгиленбеген жерге таштанды чыгаргандыгы үчүн 5500 сом өлчөмүндө «Ассорти Шаурма» фастфудуна;— И.П.Коңурбаева Э.га таштандыларды белгисиз жерге чыгаргандыгы үчүн 17000 сом;— Белгисиз жерге таштанды чыгаргандыгы үчүн «Мамалак» дүкөнүнө 5500 сом айып пул салынды .
Ошондой эле таштандыларды белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн бардык эреже бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Объекттин айланасында радиусу 10 метр аралыкта тазалык эрежелерин сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, 3 миңден 13 миңге чейинки өлчөмүндө жана 115- берененин 1-бөлүгүнө ылайык 5,5 миң сомдон 17 миң сомго чейин айып пул каралган.
Урматтуу шаар тургундары! Шаардын аймагында тазалык эрежелерин бузуу фактыларын байкасаңыз, инспекциянын 0 (312) 62-06-18 номерине билдирүүңүздү суранабыз.



