
Республикалык бюджеттин жыйынды кирешелеринин жалпы көлөмү 2023-жылдынянварь-июнь айларында белгиленген план боюнча 147,8 млрд сомду түзүп, иш жүзүндө160,2 млрд сом түштү. Пландык тапшырмадан 12,3 млрд сомго ашык аткарылган же108,4%ды түздү. 2022-жылга салыштырмалуу кирешелер 31,3 % га же 38,2 млрд сомгокөбөйгөн. Финансы министрлигин маалыматына караганда Республикалык бюджетке салыктык кирешелер 118,3 млрд сом өлчөмүндө түшкөн, ал эми план […]
Республикалык бюджеттин жыйынды кирешелеринин жалпы көлөмү 2023-жылдынянварь-июнь айларында белгиленген план боюнча 147,8 млрд сомду түзүп, иш жүзүндө160,2 млрд сом түштү. Пландык тапшырмадан 12,3 млрд сомго ашык аткарылган же108,4%ды түздү. 2022-жылга салыштырмалуу кирешелер 31,3 % га же 38,2 млрд сомгокөбөйгөн. Финансы министрлигин маалыматына караганда Республикалык бюджетке салыктык кирешелер 118,3 млрд сом өлчөмүндө түшкөн, ал эми план боюнча 116,2 сомду түзгөн. Такталган план 2 054,8 млн.сом суммага көп аткарылган.
2022-жылдын январь-июнь айларынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуусалыктык кирешелердин көлөмү 27,1%га же 25 256,8 млн. сомго көбөйгөн.Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери 69,5 млрд сомду түздү же план97,4 %га аткарылды, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда өткөн жылдынтүшүүлөрү 8 184,9 млн сомго көбөйгөн.Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрү январь-июнь айларында 48,8 млрдсомду түзүп, пландын аткарылышы 108,7 %ды түздү же 3 919,8 млн сомго ашыкчааткарылган. Өткөн жылдын тиешелүү деңгээлине салыштырганда бажылык төлөмдөрдүнжана салыктардын түшүүсү 17 млрд сомго көбөйгөн.ЕАЭБ бажы түшүүлөрү.2023-жылдын 6 айында Борбордук казыналыктын эсебине чегерүү жана бөлүштүрүү үчүн17,1 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү которулган.Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине Евразия экономикалыкбиримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден 11 015,9 миллион сом белгиленген пландынордуна 12 213,6 млн сом өлчөмүндө импорттук бажы алымы түштү. План 110,9%гааткарылды.Салыктык эмес түшүүлөр (атайын эсептерди эске алуу менен) 35,3 млрд сомду түздү,же 23,6%га көп аткарылган, өткөн жылга караганда салыктык эмес кирешелер 12 млрдсомго көбөйгөн. Башкача айтканда 2023 жылга план боюнча 28,6 млрд сом каралган.2022-жылга карата өсүү темпи 151,8% ды түзгөн.Түшүүлөрдүн олуттуу өсүүсү берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнчапайыздарда, мамлекеттик акциялардын пакетине кошуп эсептелген дивиденддерде,жыйымдардан жана төлөмдөрдөн, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрүнөнжана дагы башка салыктык эмес кирешелерден байкалууда.МИни эсепке алуу менен расмий трансферттердин түшүүлөрү 6,5 млрд сомду түзүп,өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу МИ түшүүлөрү 875,0 млн. сомгокөбөйгөн.



