ИИМдин кызматкери Эрнис Осмонбаев кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган эстелик тыйындарын жүгүртүүгө чыгарууну сунуштады.
«Кыргыз милициясынын мааракесин түбөлүккө калтыруу, коомдун көңүлүн буруу, ички иштер органдарынын кадыр-баркын жана беделин бекемдөө максатында тыйындарды чыгаруу милиционерлердин эмгегин сыйлоонун символу жана алардын коомдогу ролунун маанилүүлүгүн эскертип турмак. Буга мисал катары бир нече жыл мурда КМШнын башка өлкөлөрүндө укук коргоо органдарынын мааракесине арналган эстелик тыйындары, ошондой эле почта маркалары жүгүртүүгө чыгарылган келтирсек болот»,-деген ал.