2024-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулерди кабыл алды.

Жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты.

Ар кандай деңгээлдеги сапарларды уюштурууга, өз ара соода тармагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, Улуу Британиядан инвестиция жана технологияларды, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдарды тартууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун негизги багыттары боюнча өз ара диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

От admin