Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштык кылган топ кармалып, шектүү делген алты кишинин сүрөтү жарыяланды. Интернет желесинде кармалгандардын жоон тобу «Мекенчил» партиясынын өкүлдөрү экендиги айтылып, алардын камакка алынышы социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты. Бул окуяга карата «Кабар» агенттиги президент Садыр Жапаровго кайрылып, пикирин укту.

— Садыр Нургожоевич, социалдык тармакта “Мекенчилдердин” өкүлдөрү кармалып, камакка алынганы талкууланууда. Алардын минтип камакка алынышы бийликке көлөкө түшүрбөйбү? Анткени «Мекенчилдер» сиз бийликке келгиче катуу колдоп келген деген түшүнүк коомчулукта калыптанып калган десек болот?

— Кийинки убакта мен «мекенчилмин» деген аферист, шантажчылар пайда болду. Камалгандардын арасында экөөсү шантажчы. Бирөөлөрдү шантаж кылып жеңил акча таап жан бакканга өтүп алышыптыр. Берки үчөөнү “кайсы кара теке сүздү” билбейм. Мен камалгандардын бирөөсүнүн шантаж кылып жүргөн смс билдирүүлөрүн, телефон чалууларын, үн жазууларын угуп, бир ай мурда чакырып эскерткем: «Эй жигиттер, минтип арам акча менен жан бакпай иштегиле, бизнес кылгыла, таза жашоого өткүлө» деп. Эми анын баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Алардын бир туугандары жакшы билишет. Бир туугандарынын катышуусунда эскерткемин: «Эй жигит, жапжаш эле бала экенсиң. Иште, адал эмгек менен акча тап» деп.

Эгер кимде-ким мыйзамсыз иштерге барса, бирөөдөн шантаж кылып акча дооласа, коррупцияга аралашса «мекенчил» эмес, ким болсо да жоопко тартылат. Мекенчил болсоң чын жүрөктөн мекенчил бол. Мамлекет үчүн мекенчил бол. Мен мекенчилмин деп бирөөгө милдет кылба. Чыныгы мекенчилдер кыйкырбай эле, милдет кылбай эле мекенчил болуп жүрүшөт. Алардын баарын билем, тааныйм, бийик баалайм. Шантажчылар мурдатан эле “Президентке жамандап кызматтан алдыртабыз” деп шантаж кылып акча алып жүрүшкөнүн билип, эки тарапты тең чакырып, эскерткемин: «Мамлекеттик кызматкерлердин кимиси кандай иштеп жатканы мага даана көрүнүп турат. Мурдакы заман жок. Бирөө мамлекеттин акчасынан бир тыйын уурдай албайт. Мейли мурда ким болбосун, кайсы партия менен шайлоого барбасын бөлбөймүн. Азыр күчтүү кадрлар жетишпей жатат. Сынчылар көп, колдорунан иш келбейт. Алардын баарын көрдүм.

Менин башкаруу мөөнөтүмдө эл үчүн, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей кара жанын карч уруп иштеп берген кызматкерлерди колдойм. Тигини кызматтан ал, муну кызматтан ал деген сөздөрүңөрдү токтоткула. Ким иштей албай жатса, уурдаса силерсиз эле кызматтан алам» деп узаткам. Жеңил жашоого көнүп алган адам оңолбойт экен да.

Мен кандай болбосун бир жактуу эле карап жыйынтык чыгара бербейм. Сөзсүз эки жакты тең угуп, кайсы тарабында чындык бар экенин тактап туруп анан жыйынтык чыгарам. Ошондуктан мекенчилдер камалды деп ызы-чуу түшө бериштин кереги жок. Медалдын эки бети бар экенин эстен чыгарбагыла.

— Бул кармоо менен жакында эле алар ооз ачарга барып анан жашыруун камера, тыңшоочу аппаратура таап алышы менен байланышы барбы? Ал жерге камера орнотуп жаткандардын беттери көрүнүп калган тасма тарап, бийлик атайы камера коюп, мекенчилдерге каршы иштеп атат деп чыгышты. Андагылардын бири Каныбек Туманбаевди коштоп жүргөндөрдүн бирине окшош экени айтылууда?

— Так кесе айта алам. Ал камерага бийликтин жана күч органдарынын таптакыр тиешеси жок. Күч органдары койсо антип “колхозчо” коймок эмес.

Күч органдары койгон камераны таап алыш мүмкүн да эмес. Бул маселе териштирилет.

Маектешкен «Кабар» КУМАнын директору
Медербек Шерметалиев

От admin