Түркиянын Стамбул шаарында чыккан өрттөн 29 адам каза болду. Букл тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, өрт шаардын Бешикташ районундагы 16 кабаттуу имараттын биринчи кабатындагы түнкү клубдан чыккан. Ал жерде оңдоо иштери жүрүп жатканы, кардарлар үчүн жабык болгон.

Бул боюнча иликтөө башталып, 8 адам кармалды. Азырынча кырсыктын себеби аныктала элек.

ТИМ Стамбулдагы түнкү клубдан чыккан өрттөн каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирди.

От admin