Интерполдун орусиялык бюросунун мурдагы башчысы, милициянын отставкадагы генерал-майору Владимир Овчинский федералдык телеканалдын эфиринде «Крокус Сити Холл» концерттик залындагы терактты ишке ашыргандардын мээсине чиптер салынган болушу мүмкүн экенин билдирди.

Овчинский мындай пикирин «Биринчи каналдагы» «Убакыт көрсөтөт» («Время покажет») берүүсүндө билдиргенине The Moscow Times басымасы көңүл бурган.

«Аткаруучулардын аң-сезимин өчүрүп коюшкан. Бул үчүн психотроптук заттар, нейропсихологиялык программалоо ыкмалары колдонулуп, балким буга чиптер жа салынган болушу мүмкүн. Анткени нейробиология азыр адамды башкарууга мүмкүндүк берет», – деген Овчинский.

Анын бул билдирүүсүнө студиядагы катышуучулардын эч кимиси каршы пикир айткан эмес.

«Подъём» басылмасы аталган берүүнүн алып баруучусу Анатолий Кузичевден бул билдирүү боюнча пикирин сураган. Жооп катары Кузичев анын эфирине «дайыма олуттуу компетенцияга жана репутацияга ээ адамдар гана келе турганын» айткан.

Адамдардын мээсине чиптерди орнотуп, анын жардамы менен аларды башкаруу мүмкүн экени – түрдүү конспирологиялык теорияларда айтылган популярдуу сюжет болуп эсептелет.

22-мартта Москвадагы концерттик залда болгон кандуу калабада кеминде 144 кишинин өмүрү кыйылган. Алар камуфляж кийген төрт кылмышкердин аткылоосунан, андан кийин башталган өрттөн каза болушкан. Айрымдары оор абалда ооруканага жеткирилип, ошол жактан жан бергени кабарланды. Акыркы маалыматтарга ылайык, кол салуудан 551 адам жараат алган.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» радикал тобу өз мойнуна алган. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу 11 шектүү кармалганын билдирген.

Орусиянын жогорку кызматтардагы бир катар аткаминерлери, анын ичинде Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев «Крокус Сити Холлдогу» теракттын артында украин бийлиги турарын билдирүүдө. Ошол эле маалда алар бул билдирүүсүнө эч кандай далил келтиришкен жок. Кол салууга Украинанын тиешеси болушу мүмкүн экендиги жөнүндө президент Владимир Путин да айткан. Киев бул айыптоолордун баарын четке кагып келет.

От admin