358663420 661651986007531 5533494458987684614 n
9 / 100

Колу-буту байланып Чоң Чүй каналына ыргытылган 20 жаштагы баланын сөөгүн табылды. Маалыматты ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, издөө иштери 5-июлдан тарта башталган. Ага 49 куткаруучу тартылган. Баланын сөөгү Чүй облусундагы Алга жана Кошой айылдарынын ортосунан табылган.

Эске салсак, 4-июлда Токмок шаардык ИИБге 35 жаштагы М.К. кайрылган. Ал 4-июль күнү кечинде анын 20 жаштагы К.М. аттуу иниси №3 кичи райондогу үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келбегенин кабарлаган. Факт боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен иш козголгон. Тартип сакчылар кылмышка шектүү үч адамды колго түшүргөн.

Алдын ала маалымат боюнча, ортодо чыккан чырдан улам шектүүлөр жигиттин үйүнө келип, аны сыртка чакырып алып сабашкан. Андан соң машинага салып келип, колун байлап туруп Чоң Чүй каналына ыргытып салышкан.

Loading

От admin