Сокулукта 13 жаштагы кызды 9 бала зордуктап жүргөн деген окуя боюнча кыздын курбу кыздары пресс-конференцияда маалымат беришти. Алардын айтымында кыз башынан эле жаман жолдо жүргөнүн, жана балдарды каматам дегенин айтышкан.

Эске салсак, , быйыл 23-январда 41 жаштагы аял кызы жоголгонун айтып кайрылган. Милиция секелекти 19 күндөн кийин, 11-февралда Сокулуктагы мейманканалардын биринен тапкан.

“Ал буга чейин да бир нече жолу үйүнөн чыгып кеткен экен. Кыздын көрсөтмөсү боюнча зордуктады делген балдар суракка алынды. Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча укуктук баа берилет. Ата-энеси “милиция чара көбөй жатат” деп айтканы чындыкка дал келбейт”, — деп жазды Чүй ОИИБдин маалымат кызматы.

От admin