«Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимов эч жакка кетпөө тил каты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу абагынан бошотулду. Ал Октябрь райондук сотунун судьясынын токтомунун негизинде 22-мартта чыкканын Бишкек шаардык соту кабарлады.

Ушул эле сот февралдын башында Салимовду тергөө абагында кармоо мөөнөтүн 4-апрелге чейин узарткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунтай Салимовду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишине байланыштуу 20 адам менен чогуу кармаганын былтыр 10-ноябрда билдирген.

Атайын кызмат ага “узак убакыт бою криминалдык чөйрөнүн мурдагы жана азыркы башчылары менен тыгыз байланышта болуп, алардын мыйзамсыз каржылык активдерин көбөйтүп турган, Камчы Көлбаев аркылуу атаандаштарын коркутуп-үркүтүп, алардын активдерине жана бизнес долбоорлоруна ээлик кылып жүргөн” деген айып койгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топко катышуу” беренеси менен айып тагылган.

67 жаштагы Салимов Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы (2010-2015-жылдары) депутаты болгон. Бишкектеги “Мадина” базарын ал 1990-жылдардын башында түптөгөн.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин “анын уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар жана анын арам акчасын адалдаган” деген айып менен ондогон киши кармалган.

От admin