Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк-кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн сатып алынган заманбап жабдууларды тапшырды.

Борборго эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы премиум класстагы “Азурион 7” ангиографиялык аппараты орнотулду. Жалпы суммасы 1,5 млн долларды түзгөн бул долбоор Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу аркылуу ишке ашырылды.

Белгилей кетсек, Улуттук кардиология жана терапия борборунда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана сапатын жогорулатуу максатында “Тез жардам кардиология” программасынын алкагында ишке ашырылды.

Ошондой эле, Кытай Эл Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын алдыңкы дарыгерлери Кыргыз Республикасына келген, алар жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган жарандарга уникалдуу операцияларды жасаары пландалууда.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, статистикалык маалыматтар боюнча өлкөдө жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны жогору болуп жатканын, ошол себептүү заманбап технологияларды жана инновацияларды киргизүү менен медицина тармагын өнүктүрүү мамлекеттин негизги артыкчылыктарынын бири экенин билдирди.

“Президенттин атынан жана жалпы министрлер кабинетинин атынан сиздерди жаңы техникалуу болушуңуздар менен куттуктайм. Мамлекет кардиологиялык кызматтын өнүгүшүн ар тараптан колдоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт. Кыргызстандын калкынын саламаттыгы биздин байлыгыбыз”, — деди Акылбек Жапаров.

От admin