Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Красногорск шаарындагы «Крокус Сити» борборундагы куралдуу кол салуудан кийинки антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырды.

Бул тууралуу министрликтин Консулдук департаментинин башчысынын орун басары Бакыт Кадыров «Азаттыкка» билдирип, Орусия чек арадан кирип-чыккан жарандарды текшерүүнү күчөткөнүн кошумчалады.

«Учурда Орусия антитеррордук иш-чараларды жүргүзүп жатат. Өлкөгө кирип-чыгууда чек арадан өткөндөрдү текшерүү күчөдү. Ошондуктан элчилик биз тараптан Орусияга кирүүнү алдын ала пландап, зарыл иштери болбосо барбай турууну сунуштайт. Бул тууралуу бардык диаспоралык уюмдарга маалымат таратылып жатат. Антитеррордук иш-чаралар канча убакытка чейин жүрөрү боюнча бизде маалымат жок. Кээ бир жарандар «кара тизмеде» же буга чейин укук бузган болсо өлкөгө киргизилбей жатат», — деди Кадыров.

ТИМдин өкүлү элчилик жана министрликтин ыкчам номурлары күнү-түнү иштеп жатканын кошумчалады.

Орусиянын Тергөө комитетинин акыркы маалыматына караганда, концерттик залдагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 139га жетти.

22-март күнү кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы «Крокус Сити» деп аталган борборго кеминде төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган.

Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.

Орусияда 24-март Аза күтүү күнү деп жарыяланып, каза болгондорду эскеришкен.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө «террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын» маалымдаган.

Ички иштер министрлиги кармалган төрт киши тең чет элдик экенин билдирип, бирок кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган эмес. Аларды Москванын Басман райондук соту эки айга камакка алган.

От admin