Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 3-майында жаран Кара-Балтадагы өз үйүндө 2013 жана 2014-жылы туулган карындаштары уктап калганынан пайдаланып, ич кийимин чечип, уюлдук телефонуна жыныстык органдарын сүрөткө тартып, аккаунтуна сактай баштаган. Жаран интернеттен ар кандай түрдөгү видеоматериалдарды да сактаган, анда балдардын катышуусу менен сексуалдык зомбулукка дуушар болгон бузукулук көрсөтүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн өлкө аймагынан чыгып кеткени аныкталган. Ал Орусияда кармалып, Кыргызстанга алынган. 2003-жылы туулган жаран соттун чечими менен 1 айга камакта калтырылды.

От admin