Жакында Россия Федерациясынын Оренбург облусунда Балыкчы шаарында алтын жалатылган жезди, алтын зер буюм катары алдоо жолу менен сатып жүргөн Өзбекстандын 45 жаштагы К.С. аттуу жараны кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.
Өткөн жылдын октябрь айында Балыкчы ШИИБге арыз менен 34 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Айым өз арызында, “Кербен” шаардык базарында азиат улутундагы аял, ага бир нече алтын зер буюмдарды сунуштаганын жана бардык алтын зер буюмдарын 130 миң сомго баалагынын көрсөткөн. Сатуучу аялга 62 миң сом төлөп, калган акчаны алып келүү үчүн үйүнө кеткен. Базарга кайтып келгенде, сатуучу аял белгисиз тарапка кетип калганын байкап, сатып алган алтын зер буюмдарын текшергенде, алар алтын жалатылган жез болуп чыккан.
Аталган факт Балыкчы ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн өздүгү такталган. Ал, Өзбекстандын 45 жаштагы жараны К.С. болуп чыкты жана шектүү жаран Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткенин аныкташкан Буга байланыштуу шектүү жаран мамлекеттер аралык издөөгө жарыяланган.
Учурда шаардык сот тарабынан кармалган жаранга карата баш коргоо чарасы — тергөө амалдарынын жүрүшүндө камакка алуу чечими кабыл алынды.
Балыкчы шаарынын милициясы бардык жарандарды өзгөчө бейтааныш адамдардан, же интернет аркылуу баалуу алтын зер буюмдарын сатып алууда этият болууга чакырат. Ал эми кылмышка шектүүнүн алдамчылык аракеттеринен жабыркагандарды Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына кайрылууну өтүнүшөт.

От admin