Мектептерде 12 жылдык билим берүү качан башталат? Бул суроого билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде жооп берди.

Ал учурда өкмөттүн тескемесине ылайык, 12 жылдык окууга өтүү планы иштелип жатканын айтты.

“Азыр окумуштуулар, адистер, педагогдор иштеп жатат. Бир ай ичинде программанын баарын иштеп чыгып, коомго ачык беребиз. Ал быйыл да болуп калышы мүмкүн”, — деди Кендирбаева.

Министр быйыл 11-класста окуп жаткан балдар ушул жыл менен мектепти аяктап кете берерин кошумчалады.

Булак: Спутник кж

От admin