KG money
5 / 100

Республикалык бюджеттин жыйынды кирешелеринин жалпы көлөмү 2023-жылдын
январь-июнь айларында белгиленген план боюнча 147,8 млрд сомду түзүп, иш жүзүндө
160,2 млрд сом түштү. Пландык тапшырмадан 12,3 млрд сомго ашык аткарылган же
108,4%ды түздү. 2022-жылга салыштырмалуу кирешелер 31,3 % га же 38,2 млрд сомго
көбөйгөн.
Финансы министрлигин маалыматына караганда Республикалык бюджетке салыктык кирешелер 118,3 млрд сом өлчөмүндө түшкөн, ал эми план боюнча 116,2 сомду түзгөн. Такталган план 2 054,8 млн.сом суммага көп аткарылган.

2022-жылдын январь-июнь айларынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу
салыктык кирешелердин көлөмү 27,1%га же 25 256,8 млн. сомго көбөйгөн.
Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери 69,5 млрд сомду түздү же план
97,4 %га аткарылды, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда өткөн жылдын
түшүүлөрү 8 184,9 млн сомго көбөйгөн.
Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрү январь-июнь айларында 48,8 млрд
сомду түзүп, пландын аткарылышы 108,7 %ды түздү же 3 919,8 млн сомго ашыкча
аткарылган. Өткөн жылдын тиешелүү деңгээлине салыштырганда бажылык төлөмдөрдүн
жана салыктардын түшүүсү 17 млрд сомго көбөйгөн.
ЕАЭБ бажы түшүүлөрү.
2023-жылдын 6 айында Борбордук казыналыктын эсебине чегерүү жана бөлүштүрүү үчүн
17,1 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү которулган.
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине Евразия экономикалык
биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден 11 015,9 миллион сом белгиленген пландын
ордуна 12 213,6 млн сом өлчөмүндө импорттук бажы алымы түштү. План 110,9%га
аткарылды.
Салыктык эмес түшүүлөр (атайын эсептерди эске алуу менен) 35,3 млрд сомду түздү,
же 23,6%га көп аткарылган, өткөн жылга караганда салыктык эмес кирешелер 12 млрд
сомго көбөйгөн. Башкача айтканда 2023 жылга план боюнча 28,6 млрд сом каралган.
2022-жылга карата өсүү темпи 151,8% ды түзгөн.
Түшүүлөрдүн олуттуу өсүүсү берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча
пайыздарда, мамлекеттик акциялардын пакетине кошуп эсептелген дивиденддерде,
жыйымдардан жана төлөмдөрдөн, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрүнөн
жана дагы башка салыктык эмес кирешелерден байкалууда.
МИни эсепке алуу менен расмий трансферттердин түшүүлөрү 6,5 млрд сомду түзүп,
өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу МИ түшүүлөрү 875,0 млн. сомго
көбөйгөн.

Loading

От admin