Воронежде мөөнөтү өтүп кеткен, шаурма үчүн дайындалган 70 тонна кооптуу тоок эти аныкталды. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазышты

Ал эми препараттарды чыгаруучу эки цехте маркировкасы жок мөөнөтү өтүп кеткен эттерди таап, цехтерде мигранттар мыйзамсыз иштешкен. Продукциялар областтын коомдук тамактануу пункттарына жеткирилди. Жалпы суммасы 15 миллион рубль болгон эт жүгүртүүдөн чыгарылды. Ал жок кылынат.

Цехтерде иштеген үч чет элдиктин ар бирине беш миңден айып салынып, Орусиядан чыгарылат. Күнөөлүүлөр 6 жылга чейин эркинен ажыратылып, бир миллион рублга чейин айып пул төлөшү мүмкүн.

От admin