Токтом долбоорун коңшу өлкөнүн Соода жана интеграция министрлиги жарыялады.

Ведомство Кыргызстанда товарлардын сапатка дал келүүсүн тастыктоочу орган эреже бузуу менен коопсуздук боюнча сыноолорду өткөрбөй туруп эле документтерди берип жатканын билдирди.

Ошондой эле Кыргызстанда сыноо лабораториялары 10 эсе аз экени, бирок уруксат кагаздары казакстандык органдардан да көп берилери белгиленген. Казак тараптын маалыматы боюнча Кыргызстанда жасалган документтердин дээрлик 40%ы коңшу өлкөнүн компанияларына берилген.

“Казакстандын мамлекеттик органдары бул көйгөйдү кыргызстандык кесиптештеринин жана ЕЭКтин алдында бир нече ирет көтөргөн. Бирок чечилген жок. Маселени создуктура берүүнүн кесепетинен өтө кооптуу товарлар колдонулуп жарандардын ден соолугу менен өмүрү коркунучка кептелип жатат”, — деп билдирди министрлик.

От admin