29-февралга караган түнү Газанын түндүгүндөгү кагылышуудан кеминде ондогон адам набыт болду.

Палестиналык ХАМАС тобу көзөмөлдөгөн тилкенин Саламаттык сактоо министрлиги АКШ, Израил аскерлери гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүн күтүп жаткан элге ок атканын ырастоодо.

Палестиналык булактардын ырасташынча, жардамдын бөлүштүрүлүшүн күтүп жаткан ачка элге танктар жана автоматтардан ок атылган. Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги окуянын натыйжасында жүздөн ашуун киши өлүп, 760 адам жарадар болгонун билдирди.

От admin