9bc530a7 081c 4a0c 9958 13cb2b2def60
4 / 100

2023-жылдын 5-7-июль күндөрү “Динамо” түштүк спорттук комплексинде жыл сайын өтүүчү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын гиря спорту, таяк-тартыш жана аркан-тартыш боюнча биринчилиги уюштурулду. Анда биринчиликке катышкан кызматтар командалык эсеп менен төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишишти. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
3-орунду ээлегендиги үчүн III-даражадагы диплом менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын командасы сыйланды;
2-орунду ээлегендиги үчүн II-даражадагы диплом менен ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын командасы сыйланды;
1-орунду ээлегендиги үчүн I-даражадагы диплом жана Кубок менен ИИМдин Республикалык окуу борборунун командасы сыйланды.

Loading

От admin