2015-жылдын 3-сентябрында Сузак районунун Ыры а/о Кыр-Жол айылынын тургуну 1971-жылы туулган М.К.А.нын зомбулуктун белгилери менен жансыз денеси табылган. Бул фактынын негизинде Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмү (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Бирок бул кылмыштын бетин ачууда ички иштер башкармалыгы тарабынан сегиз жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларында конкреттүү жыйынтык болгон эмес. Бул ишке байланышту, өлтүрүлгөн М.К.А.нын жакын туугандары КР УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиевге бул бул кылмышты жасаган адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп берүү боюнча өтүнүч арызы менен кайрылган. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүүдө, бул киши өлтүрүүнү жасаган адам аныкталып, ал маркумдун айылдашы, 1989-жылы туулган К.А.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны аныкталып, мас абалында жана жеке кастыктын негизинде М.К.А.ны өлтүргөндүгүн мойнуна алган. Кармалган К.А.А. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө камак жайына киргизилип, учурда бул кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

От admin