Социалдык түйүндөрдө айдоочулук күбөлүк, тез жана арзан, белгилүү бир акча каражатын төлөй салсаңыз жазап беребиз деген жарнамалар кездешүүдө.

Жасалмаларды табуу ыкмалары ар кандай болот: кызматкерлер жумуш алып барып жатканда жасалманын белгилерин визуалдуу түрдө аныкташат, берилген күбөлүктөрдүн маалымат базасы боюнча текшерүүдө жасалмалуулуктун белгилерин көрүп калышат.
Мындан тышкары, жасалма күбөлүктү сатып алуу кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган иш экендигин түшүнгөн жарандар телефон аркылуу: белгилүү бир күбөлүктүн маалымат базасында бар же жогун билүүгө аракет кылышат?

Албетте, кызыкдар адамдардын мындай текшерүүсү өтө капалантат: жасалма айдоочулук күбөлүктөр маалымат базаларында жок.
Жасалма «айдоочулук күбөлүктү» сатып алуучулар жасалма документтерди сатып алуу менен алардын көйгөйлөрү чечилди деп ишенишет. Бирок, жасалманы оңой эле аныктоого болот.

Биринчиден, мындай документтер «Унаа» МИнын базасында катталбайт жана “Түндүк” тиркемесинен чыкпайт, демек, алардын «аныктыгы» биринчи текшерүүдө эле билинет. Экинчиден, түпнуска документтерде жасалмада жок болгон коргоо белгилери бар.
«Жасалма күбөлүктөр» бланктары даярдалган чыныгы серияга ээ болсо да, натыйжа өзгөрбөйт — эртеби-кечпи жасалма документтер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан аныкталат.

Жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү даярдоо кызматтарына кайрылаардан мурун, сизде учурдагы көйгөйлөрдү чечкенге караганда, көптөгөн жаңы көйгөйлөрдү жаратып калуу коркунучу бар деп ойлоңуз.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эскертет, укуктарды берген расмий документти жасалмалоо, анын анык мазмунун бурмалаган расмий документке атайылап жалган маалыматтарды же оңдоолорду киргизүү, аны даярдоочунун өзү же башка адам тарабынан пайдалануу, мындай документти сатуу, ошондой эле жасалма мөөрлөрдү же мамлекеттик сыйлыктарды даярдоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Документтердин жасалмасын жасоо» 379-беренесине ылайык 2 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат, ал эми атайылап жасалма расмий документти пайдалангандыгы үчүн — эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

От admin