Бишкекте ыктыярчылардын биринчи форуму болуп өттү.Бул иш-чара АУЦАнын имаратында өлкөбүзгө салым кошуу максатында өз ыктыяры менен аракет кылган көптөгөн энтузиасттарды чогултту.Форумга 1000ге жакын эң мыкты дээлген активисттер, волонтерлор, блоггерлер, социалдык ишкерлер жана, албетте, мамлекеттик кызматкерлер катышты.Форумду маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Марат Тагаев ачты. Андан кийин республиканын Жогорку Кеңешинин азыркы депутаттары – Чингиз Айдарбеков, Марлен Маматалиев жана Дастан Бекешев куттуктоо сөзүн сүйлөштү.Иш-чаранын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги презентациялар менен форумдун спикерлери сүйлөштү. Алар ыктыярчылык иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, өз уюмдарынын жетишкендиктери жана тоскоолдуктары тууралуу айтып беришти.Ошентип, ыктыярчылардын биринчи форуму өлкөдө бул тармакты өнүктүрүүдө ийгиликтүү жана абдан маанилүү кадам болду. Ал уюмдар менен ыктыярчылардын ортосунда күчтүү өнөктөштүктү бекемдеди.Өзүмдүн атымдан, жалпы биздин демөөрчүлөрүбүзгө жана өзгөчө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине терең ыраазычылык билдирем.

От admin