Кыргызстанда мындан ары абитуриенттер жогорку окуу жайга (ЖОЖ) тапшырганда милдеттүү түрдө кыргыз тилинен тест берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрук 7-февралда чыккан.

«Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жогорку окуу жайларына (менчигинин түрүнө же ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан) тапшырган абитуриенттер үчүн ЖРТнын кайсы тилде тапшырылгандыгына карабастан мамлекеттик тил боюнча тест тапшыруусу милдеттендирилет», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул мамлекеттик тил боюнча тест абитуриенттин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт жана жогорку окуу жайларына тапшырууда сынактын жыйынтыгына таасирин тийгизбейт.

Негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыктары мыйзам чегинде мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыгы менен бирге чыгарылат. Эгерде абитуриент мамлекеттик тил боюнча тест тапшырбаса, анда жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыгы берилбейт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы №140 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамына ылайык башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында кирүү жана бүтүрүү экзамендери киргизилет.

От admin