Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан жашы жетелек кыздын денесине жараат келтиришип, телефонун тартып алышкан кыздардын тобу кармалды.

Ош ШИИБден берген маалыматка ылайык, 15-январда саат 16:00 чамасында Ош шаарынын жашоочусу 2007-жылы туулган кызды ага сырттан тааныш болгон кыздар: 2008-жылы туулган Т.Д., 2008-жылы туулган А.Г. жана 2008-жылы туулган У.Ү. аттуу шериктери менен биргеликте үйүнөн чакырып чыгышкан. Аны далдоо жерге алып барышкан соң, “эмнеге менин жигитим менен сүйлөшөсүң, экинчи мамиле кылбагын!” деп урган. Андан соң ага таандык болгон Айфон 8 үлгүсүндөгү уюлдук кол телефонун тартып алышып, жабырлануучуга жардам көрсөтүшпөй, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен.

Натыйжада, Ош облусттук соттук-медициналык экспертизанын ушул жылдын 19-январында берилген корутундусуна ылайык, жабырлануучу жеңил дене жараатын алгандыгы жана ага материалдык жактан олуттуу өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.

От admin