Кыргызстанда жумуш издеген мугалимдер үчүн портал ачылат. Бул тууралуу билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Министр ошондой эле мектеп директорлорунун резервдик порталы түзүлөрүн айтты.

“Азыр билим берүү системасы иш берүүчү катары эмес, натыйжага багытталып, мыкты мугалимдерди тандоо мезгилине жетти. Мурун келгенине эле ыраазы болсок, эми системада өзгөрүүлөр башталат. Биринчи иретте биз mugalim.vacant улуттук порталын түзөбүз. Кыргызстандын аймагында кайсы жерде мугалимдин орду бошосо, электрондук порталга кирет, жумуш издегендер ошол жерден иш таап алат. Ошондой эле директорлор корпусунун дагы ушундай резервдик порталы түзүлөт”, — деди министр.

От admin