WhatsApp Image 2023 07 06 at 16.41.45
6 / 100

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери КР УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте 2001-жылы туулган О.Э. аттуу жарандан болжолуу салмактагы 6 кг.,«мефедрон» психотроптук затты алышты. Маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары, кармалган жарандан КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкеринин жасалма документи алынган.
Аталган факты боюнча КР ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.
Белгилей кетсек, кылмыштуу ниетти ишке ашырууда жана жогоруда аталган психотроптук затты сатууда О.Э. жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси 33 миллион сомдон ашык сумманы түзүшү мүмкүн болмок.
Мефедрон психотроптук затынын 40 000 ашуун бир дозасы өлкө боюнча жайылышына бөгөт коюлган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2023 07 06 at 16.41.46

Loading

От admin