Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан  мыйзамсыз алынган жерлерди кайтарып алуу боюнча мамлекет жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясаттын алкагында, Мурда «Ак-Жол Болсун» ЖЧКсына таандык болгон 0,2275 га чарбалык жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.Маалыматты УКМК билдирди. 
      Тактап айтканда, аянты 2275 чарчы метр жер тилкесин кайтарып берүү жөнүндө доо, биринчи инстанция (Ысык-Көл облусунун административдик соту) жана экинчи инстанция (Ысык-Көл областтык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясы) сметалык баасы 13 млн 760 миң 900 сом. мамлекеттин балансында толугу менен кайтарылды.