Кыргызстанда 18 жаштан жогорку курактагы эркектер арасында жугуштуу эмес оорулардын пайда болушуна алып келүүчү тобокелдик факторлорун аныктоого багытталган “Жооптуу бол!” республикалык бир айлык башталды.

Иш-чара «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоорунун колдоосу менен өтүүдө.

Жугуштуу эмес оорулар – бул өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы жүрөк-кан тамыр оорулары өлүмдүн негизги себеби болуп, өлкөдөгү бардык өлүмдөрдүн 52,1%ын түзгөн, ал эми рак (12,2%) экинчи орунда туруп, андан кийин өпкө оорулары (5,5%) болуп турган.

Туура эмес тамактануу (өзгөчө тузду көп колдонуу, жашылча-жемиштерди жетишсиз колдонуу), тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү жана физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү жугуштуу эмес оорулардын эң кеңири таралган алдын ала турган тобокел факторлору болуп саналат.

Бир айлыктын негизги максаты — жугуштуу эмес ооруларды жана алардын татаалданышын алдын алуу ошондой эле бул ооруларды алгачкы стадияларында аныктоо үчүн Кыргызстандын эркектерин баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерине тартуу.

2022-жылкы бир айлыктын алкагында өлкө боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына 367 минден шык эркек кайрылган. Алардын ичинен 79 миңи баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына буга чейин эч качан барышкан эмес же акыркы 3 жылда биринчи жолу кайрылышкан. Медициналык мекемелерге кайрылган жалпы эркектердин камтылышы республикада жашаган 18 жаштан жогорку эркектердин жалпы санынын 20% түздү. Бул кампаниянын кеңири жайылышын жана натыйжалуулугун көрсөтүп турат.

Белгилей кетсек, акция биринчи жолу 2019-жылы «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу»» швейцариялык долбоорунун алкагында өткөрүлгөн.

От admin