Таласта көк бөрүчү катуу ылдамдыкта баратып пеналти учурунда аралыкты эсептебей калып тай казанды сүзгөн видео интернетке тарады.

Маалым болгондой, окуя 30-январда Айтматов районунда жергиликтүү командалардын оюну учурунда болгон.

Видеодо көрүп тургандай улакчы кулаган маалда топ элдер ал жака чуркашкан. Тез жардам унаасы да жетип барган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, ал эч кандай оор жаракат алган эмес. Атчандын абалы жакшы, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жаткыруудан баш тарткан.

От admin