Кечээ, 28-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” борбордук стадионун реконструкциялоо иштери менен жеринен таанышып, анын абалына нааразы болду.
«Сен кимсиң бул жерде, эмне үчүн плачевный состояниеде»,-деп стадиондун жетекчисин урушту.
Долбоорго ылайык, эл аралык талаптарга жооп берген заманбап футбол аянтчасы гибриддик стадион болуп курулат. Каржылоо жагы демөөрчүлөр тарабынан ишке ашып, 40 миллион сомдун тегерегиндеги акча жумшалат.