Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде «Акыркы жылдары спортчуларга, анын ичинде футболчуларга да жакшы эле шарттар түзүлүп жаткандай. «Барселона» оюнчулары келишти, академиясы ачылды дегендей. Бирок жакшы жыйынтык жок» деген суроого жооп берди.

«Ооба, акыркы убакта тиешелүү шарттарды түзүп берип, ырааттуу каржылоону баштадык. Бирок дароо эле жыйынтык күткөнүбүз адилетсиз болуп калат. Чындыгында, мурда футболчуларга жакшы көңүл бурулбай келген экен. Каржы маселеси толук чечилбептир. Былтыртан бери каржы маселесин чечип келе жатабыз. Стадиондорду дүйнөлүк стандартка ылайык келтирип, жаңылай баштадык. Быйыл 5 миллион доллар акча бөлүп берели деген ниеттебиз. Кыскасы, жыйынтыгын, жок дегенде, 3-4 жылдан кийин күтөлү да. Анын үстүнө Кыргыз футбол союзунун башында катуу көзөмөл кылган бирөө турбаса, жыйынтык чыгышы кыйын. Эң негизгиси, футболчулардын машыгуусуна кылдат көңүл буруш керек. Тартип болуш керек. Аны жакшы билебиз. Ошол үчүн кечээ Камчыбек Кыдыршаевичке “Кыргыз футбол федерациясынын башына өзүң барчы” деп сунуш кылдым», — деди ал.

От admin