Дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүнө спорттук наамдар ыйгарылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Спортчуларга наамдарды маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары — Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов тапшырды.

  • Ислам Баялиновго “Ардагерлер арасында Эл аралык даражадагы спорт чебери наамы”;
  • Эрлан Шеровго “Эмгек сиңирген спортчу” наамы;
  • Кыял Амантуровага “спорт чебери” наамы ыйгарылды.

От admin