Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун 1964-жылы
туулган Т.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.
ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, анда, 2023-жылдын 23-декабрынан тартып “С.” аттуу, Кара-Суу районунун сот аткаруучусу, Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтүү үчүн чектөөнү
алып берем деп опузалап, пара талап кылып жаткандыгын билдирген.
Топтолгон материалдардын негизинде, аталган факты боюнча Кыргыз республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
2024-жылдын 11-январь күнү жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу сот департаментинин, Ош облусунун Кара-Суу райондук САКБнүн сот аткаруучусу, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси 1980-жылы туулган С.С. аттуу жаран 20 000 ( жыйырма миң) сом атайын белги коюлган акча
каражатын алып жаткан жеринен кылмышка шектүү катары кармалган.
Азыркы учурда Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан тергөө
амалдары жүргүзүлүүдө.