Ош милициясы кримчөйрөдө “Коён” каймана аты менен белгилүү Майрамбек Низамовду 6-ирет кармап жатат.
Ал кылмыштуу топтун мүчөсү, буга чейин 4 жолу соттолгон. Былтыр январда Ошто арматура менен катуу сабалган болчу. Ал эми августта бирөөгө бычак уруп кармалган. Кийин аны сот үй камагына чыгарган. Октябрда 60 iPhone телефонунун коробкасына болт салып коюп алдап кеткенде колго түшкөн. Бирок сот анда да үй камагына бошоткон.

ШИИБ андан кийин да Коен тынч отуруп калбай, жогорудагы ыкма менен күрөөкананы 50 миң сомго алдап кеткенин билдирди. Анын бөгөт чарасы Ош шаардык сотунда бүгүн каралат.

Булак: Спутник кж

От admin