05 07 2023 154433
12 / 100

Социалдык тармактарга Жалал-Абад шаарында чыккан мушташтын видеосу тараган.

Жалал-Абад ОИИБси видео 2-июль күнү тартылганын, текшерүү иштери жүрүп жатканын, супермаркеттин алдындагы ызы-чуунун катышуучуларын аныктаганын билдирди.

Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга катыштыгы бар Жалал-Абад шаарынын 21 жаштагы 4 тургуну кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Азыркы учурда окуянын калган катышуучуларын аныктоо иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча ызы-чуу пикир келишпестиктен улам келип чыккан.

Loading

От admin