Украина кийинки жылдан тарта сыртта жүргөн жарандарын аскердик кызматка чакыра баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Рустем Умеров WELT TV немис телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Германияда жана башка өлкөлөрдө жашап жүргөн 25 жаштан 60 жашка чейинки курактагы эркектер Украин куралдуу күчтөрүнүн аскерге чакыруу бөлүмдөрүнө келиши керек болот.

«Бардыгы үчүн адилеттүү болсун деп жатабыз, анткени кеп биздин өзүбүздүн коопсуздугубуз жөнүндө болууда. Аларга чакырууларды жөнөтөбүз. Азырынча аскерден качкандарга кандай чаралар көрүлөрү белгисиз, биз аны талкуулап жатабыз», – деди Умеров.

Министрдин бул маеги боюнча комментарий берген Украинанын Коргоо министрлиги азырынча чет өлкөлөрдөгү жарандарды аскерге чакыруу күн тартибинде жок экенин билдирди.

Украин командачылыгы Орусия чабуулдарынын мизин кайтаруу үчүн 450-500 миң аскер мобилизациялоону өтүнүүдө. Украинанын президенти Владимир Зеленский шейшемби күнү жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында мобилизация өтө сезимтал тема экенин айткан. «Армиядан миллионго жакын адамды мобилизациялоо өтүнүчүн алгандан кийин тиешелүү жетекчилерге аскерге чакыруу планын кошумча иштеп чыгуу тапшырмасын бердим. Бул өтө олуттуу сан, мен мага көбүрөөк аргумент керек экенин айттым», – деди Зеленский.

Журналисттер эгер мыйзамга аялдарды да мобилизациялоо жана эркектердин эң төмөнкү мобилизациялык курагын 27 жаштан 25ке чейин төмөндөтүү тууралуу өзгөртүүлөр киргизилсе, ага кол коер-койбосу жөнүндө суроо беришти. Зеленский буга «Аялдар жөнүндө болсо жок, а жаш курагын 25ке төмөндөтүү болсо ооба», – деп жооп берди.

Украинанын Мамлекеттик статистика кызматынын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө 18 жаштан 60 жашка чейинки курактагы 11 миллион эркек жашаган.

«Опендатабот» долбоору украин Чек ара кызматына шилтеме кылып кабарлагандай, Орусия кол салган 2022-жылдын февралынан 2023-жылдын августуна чейин өлкөдөн 2,4 миллион украиналык чыгып кетип, кайра кайтып келе элек. Бул аралыкта армияга барууну каалабаган 20 миңге жакын эркек тыюуга карабастан башка өлкөлөргө мыйзамсыз кеткен.

От admin