Казакстандын Караганда облусунда полиция ири тоноочулукка шектелген адамды кармады. Ал кылмышты аял ооруканада жаткан учурда жасаган. Окуя 25-декабрда болгон. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазды.

Маалыматка караганда, милицияга 27 жаштагы аял кайрылган. Ал бала төрөп, ооруканадан чыкканын айтты. Бирок ал үйүнө келгенде батирден 2 миллион 200 миң теңге баалуу буюмдар жоголуп кеткенин аныктаган. Полиция шектүүнүн өздүгүн тактады. Ал аялдын 30 жаштагы шериги болуп чыкты, ал уурулук болгондон кийин качып кеткен.

От admin