549571f1e77f22b7154b20344d242990
9 / 100

Үстүбүздөгү жылдын 6 ай аралыгында 60тан ашуун жашы жете электер республиканын көлмөлөрүндө чөгүп кеткен. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Статистика көрсөткөндөй, үстүбүздөгү жылдын 6 айында эле 60тан ашуун жашы жете электер республиканын көлмөлөрүндө чөгүп кеткен.

«Жашы өспүрүмдөрдүн суу объектилеринде жүрүүсүнүн коопсуздугун сактоого багытталган иш-чаранын алкагында, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан көлмөлөрдүн жанында жана өлкөнүн дарыяларынын жээктеринде жайкы эс алуу жайларын текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү көлмөлөрдөгү коопсуздук чаралары, спирт ичимдиктерин ичүүгө жол бербөө, эс алуу жайларында тазалыкты жана тартипти сактоо жана өз буюмдарын кароосуз калтырбоо жөнүндө профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө«,-деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери эс алуучуларга атайын бөлүнгөн жайларда гана сууга түшүүгө болору түшүндүрүлдү. Ал эми, ата-энелерге балдарды кароосуз калтырууга жол берилбестигин жана балдарга чоң кишилердин катышуусунда гана сууга түшүүгө болорун эскертишти.

Loading

От admin