Казакстандын Жогорку соту Январь окуясында Таразда каза болгон Исатай Донбаев, Токтар Ошакбай, Ержан Байжанов жана Раис Рысбековго чыккан өкүмдү өзгөрткөн жок.  

Биринчи инстанциядагы сот аларды “БТР техникасына каршы ок атты”, “мамлекеттин мүлкүн бүлүндүрдү” деген айыптар боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Судья сот жараянын сүрөткө жана видеого тартууга уруксат берген жок. Жабырлануучулардын жактоочулары жана жакындары тергөөдө карама-каршылыктар бар экенин айтышты. Ага карабай прокурор Тараз сотунун өкүмүн күчүндө калтырууну суранды.

Маркумдардын жакындары акыркы инстанциянын чечимин оор кабыл алышты. Алар “адилет чечим үчүн күрөштү улантышарын” айтышты.

«Жаштардын баары аянтта жүргөн. Видеодо алардын колунда таш же таяк жок экени көрүнүп турат. Курал жөнүндө айтпай эле коеюн. Кайдагы курал?», — деди маркум Токтар Ошокбайдын атасы Мухтар Сыздыков.

Февралда Тараз соту Январь окуясы учурунда окко учкан Исатай Донбаев, Токтар Ошакбай, Ержан Байжанов жана Раис Рысбековду күнөөлүү деп тапкан. Каза болушкандыктан жаза белгиленген эмес. Бул иште бешинчи адам – Нурсултан Куатбаев да болгон. Бирок августта Жамбыл облустук соту анын жакындарынын апелляциялык арызын карап актаган.

От admin