“Azertac” Азербайжан улуттук маалыматтык агенттигинин суроолоруна жооп берди:

АЛИШЕВ ШАБДАНБЕК, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы Аппарат Жетекчиси, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жаатындагы жана КМШ мамлекеттери боюнча эксперт.

Суроо: 24-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга иш сапары болду, анын жүрүшүндө бир катар макулдашууларга кол коюлду. Сиз бул иш сапардын жыйынтыктарын кандай баалайсыз? Ал эки тараптуу экономикалык мамилелерге кандай таасирин тийгизет?

Жооп: Мен 24-25-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары эки өлкөнүн тең тарых китептерине жазылат деп чын дилимден ишенем. Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктүн терең мамилелерин орнотуу жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюу аталган иш сапардын негизги аспекти катары болду. Бул биздин элдерибиздин ортосундагы жаңы кадам, ал эки мамлекеттин тең стратегиялык келечегин аныктайт. Жалпысынан, Президентибиздин Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган эки тараптуу келишимдердин баардыгы кызматташтыктын жаңы деңгээлин көрсөтүүдө. Азербайжандын Агдам районунда мектеп куруу боюнча Кыргызстандын демилгеси эле кыйла маанилүү. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында биринчи жолу мындай тышкы саясий демилге Президент Садыр Жапаров тарабынан ишке ашырылып жатат.

 Суроо: Иш сапардын жүрүшүндө Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттарын көбөйтүү чечими кабыл алынды, анткени бизнесмендерден өтө көп өтүнмөлөр келип түшкөн. Инвестициялык чөйрөдө өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкка кандай баа бересиз?

Жооп: Ооба, чындыгында Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттары 100 млн. АКШ долларына чейин көбөйтүлдү. Менин пикирим боюнча бул фонд Кыргызстандагы өз ишин эми эле баштагандыгын эске алсак, бул болуп көрбөгөндөй кадам. Сиз айтып өткөн бизнесмендердин өтүнмөлөрү биринчиден Азербайжандын инвестициялоого болгон мамилесине Кыргызстандын терең ишениминин далили, экинчиден Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттарынын келечекте бир нече эсеге көбөйүшүнө мен абдан ишенем. Кыргызстанда ишке ашыруу пландалып жаткан долбоорлордун тизмеси, анын ичинде азербайжан тараптын Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу отелди куруусу аны далилдеп турат.

Суроо: Жолугушууда Кыргызстандын олуттуу потенциалы жана кайра жаралуучу энергия чөйрөсүндө иштөөгө азербайжан компанияларынын кызыкдарлыгы белгиленди. Өлкөлөрүбүздүн бул багытта кызматташуусу жөнүндө эмнелерди айта аласыз? Альтернативдүү энергоресурстарды өнүктүрүү Азербайжан менен Кыргызстандын экономикасына кандай таасирин тийгизет?

Жооп: Биринчи кезекте Азербайжан мунайды кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү боюнча өз регионунда лидер болуп саналат. Өлкөбүздүн түштүгүндөгү мунай жана газ өндүрүүчү жерлерди модернизациялоо боюнча мүмкүнчүлүктөрүбүздү эске алуу менен бул аспект Кыргызстан үчүн кыйла маанилүү. Ошону менен бирге азербайжан тарап гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорго катышууга абдан кызыкдар экендигине терең ишенем. Албетте, биринчи кезекте бул Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле Кыргызстанда бир катар чакан ГЭСтерди куруу.

Суроо: Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүүнү жогорулатуунун келечеги кандай?

Жооп: Биздин эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерибиз саясий кызматташтыктын деңгээлинен түздөн-түз көз каранды. Президент Садыр Жапаровдун бул иш сапарынан кийин товар жүгүртүүнү ургалдаштыруу көз көрүнөө болот. Анын үстүнө, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-азербайжан биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйналышын өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Ал жерде экономикалык кызматташуубузга тоскоолдук кылган учурдагы бардык бөгөттөр талкууланат. Биз айыл чарба азыктарын жеткирүү чөйрөсүндөгү кызматташууну кеңейтүүнү үмүттөңөбүз. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, кыргыз айыл чарба азыктары сапаттын жогорку деңгээлине жана экологиялык жактан таза деңгээлге ээ.

Суроо: Эки өлкөнүн ортосундагы бизнес-байланыштарды кеңейтүү үчүн мындан ары кандай кадамдарды жасоо керек?

Жооп: Биринчи кезекте Кыргызстан менен Азербайжандын ишкер чөйрөлөрүнө көмөк көрсөтүү үчүн иш жүзүндөгү инструмент өлкөлөрүбүз тарабынан эчак эле түзүлгөн. Менин пикирим боюнча бул Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду. Ал бир эле келечектеги долбоорлорду каржылоо булагы болбостон, эки тараптуу ишкер байланыштарын уюштуруу үчүн аянтча катары дагы эсептелет. Мен Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Теңтөрагасы Алмаз Мамбетов менен таанышмын, ал тажрыйбалуу, ошол эле учурда экономика боюнча башкаруучунун тийиштүү сапатына ээ болгон мамлекеттик ишмер. Мен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы экономикалык байланыштарды кеңейтүү үчүн кийинки кадамдарды ушул Фонддун аянтчасында жасоо зарыл деп ойлойм.

Суроо: Кыргызстан менен Азербайжан транспорт чөйрөсүндө жигердүү кызматташууда. Өлкөлөрүбүз аталган жаатта кандай маанилүү долбоорлорду жүзөгө ашырышты?

Жооп: Регионалдык деңгээлдеги инфратүзүмдүк долбоорлор өзү абдан келечектүү экономикалык багыт болуп саналат. Ошол эле учурда Кыргызстан сыяктуу континенталдык өлкөлөр үчүн деңизге (Каспий) чыгуу андан да кенен рынокко карай жаңы көпүрө болуп калат. Кавказ аралык багыт Кыргызстан үчүн жалпысынан олуттуу жана жагымдуу келечекти тартуулайт. Кыргызстандын экономикалык тармагынын флагмандары – текстиль өнөр жайы жана айыл чарбасы логистиканын мындай багыттына абдан муктаж. Биринчиден, бул потенциалдуу экспортер өлкөлөрдүн географиясын кеңейтет, экинчиден Кыргызстан менен Азербайжан эми регионалдык масштабда ишке ашыра ала турган инфратүзүмдүк жаңы долбоорлор пайда болот.

Булак: “Azertac” Азербайжан улуттук маалыматтык агенттиги.

От admin