Ысык-Көл облусунда колго жасалган алкоголдук продукцияларды өндүрүү боюнча көмүскө цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

    КР УКМК Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте, алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында колго жасалган алкоголдук продукцияларды өндүрүү боюнча көмүскө цехтердин ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду. 
   Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган цехтер  колдонуудагы мыйзамдарды бузуу менен  атайын жабдууларды колдонуу аркылуу тиешелүү каттоодон өтпөгөн, өндүрүштүк стандартка жооп бербеген жана сапаты өлкө калкынын ден соолугуна терс таасирин тийгизген контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгаргандыгы такталды. 
    Учурда КР УКМК тарабынан аталган мыйзамсыз ишти уюштургандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кошумча иш-чаралар көрүлүп, республиканын аймагында ушул сыяктуу көмүскө цехтерди аныктоо боюнча тийиштүү чаралар жүргүзүлүүдө.

От admin