Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, ИИМнин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1979-жылы туулган Д.К.А. аттуу жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдө “гашиш” жана “марихуана” баңги каражаттарын сатуу жана даярдоо менен алектенгендиги аныкталган.
ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, баңги каражаттарды даярдоо жерин аныктоо максатында 2023-жылдын 9-декабрында Д.К.А. аттуу жарандын жашаган жери боюнча үйгө шашылыш тинтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен “гашиш” жана “марихуана” баңги каражаттарын даярдоо жана сактоо лабораториясына ылайыкташтырылган бөлмө табылган.
Мындан тышкары, тинтүү учурунда кара куурайдын өзгөчө жыты бар заттар табылып алынган.
Соттук-химиялык экспертизага ылайык, тинтүү учурунда алынган заттар жалпы салмагы 4 кг 436 гр болгон “гашиш”, “марихуана”, “кара куурайдын саманы” жана “кара куурайдын тундурмасы” баңгизаттары болуп аныкталган.
Кармалган Д.К.А. жаран КР ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун ИИБнын Убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

От admin